Редакцияот 02.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы

2022-жылдын 2-декабры № 6

Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-34- беренелерине ылайык, жеригликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдыгы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмеси № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштаарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.

 

  2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 6 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов

 

Кашка-Суу айылдык кеңешинин № 6 2-декабрь 2022-жылдагы

 

токтомуна тиркеме

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча

функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмеси

 

№

Кызматтын, функциянын, милдеттин

аталышы

 

Аткаруу үчүн жооптуу

Кызматтар

 

 

 

1.1

Муниципалдык менчикти башкаруу

Айыл өкмөт башчысы

1.2

 Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу

 

1.3

Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу

Айыл өкмөт башчысы

1.4

Жалпы пайдалануудагы көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу

Айыл өкмөт башчысы

1.5

 Жарандарга жер аянттарын ижарага алуудагы келишимдерин берүү

Айыл өкмөт башчысы

1.6

Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу

Айыл өкмөт башчысы

1.7

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү

Айыл өкмөт башчысы

1.8

Жарандардын социалдык абалы жөнүндө маалымат берүү

Айыл өкмөт башчысы

2.Функциялар

 

2.1

Муниципалдык менчиктин реестрин түзүү

Айыл өкмөт башчысы

2.2

Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана жылдык иш-планга киргизүү

Айыл өкмөт башчысы

2.3

жер аянттарын ижара акыларын бекитүү

Айыл өкмөт башчысы

3.Милдеттенмелер

 

3.1

 Муниципалдык менчиктин реестрин кайрадан карап чыгуу, түзүү

Айыл өкмөт башчысы

3.2

 Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана жылдык иш-пландарды кайрадан иштеп чыгуу

Айыл өкмөт башчысы