Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 3

Келишимдин негизинде Кашка-Суу айыл өкмөтүндө эмгектенген тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловтун тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүндө эмгектенген тейлөөчү кызматкерлердин (1 тазалоочу, 2 от жагар) эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын 15 000 (он беш) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.Эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов