Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 10

Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясына ылайык аймактагы айылдарда жашаган жаш курагы жана 4 баладан жогору балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки жаш балдары бар үй бүлөлөргө жеңилдик берүү жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 343- статьясынын негизинде 81,86 га жер аянттан 85,860 сом өлчөмдө эшик алды салык төлөмүн жаш курагы боюнча жана 4- жаштан жогору көп балдары бар,улуусу 16 жашка чейинки үй бүлөлөргө жеңилдик берилсин.

 

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисияна тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов