Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 11

Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-статьясынын 8-пунктуна ылайык мүлк салыгы боюнча зоналдык коэффицентти аныктоо боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Мүлк салыгынын зоноалдык коеффиценти К 3-1,2 өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисияна тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов