Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 14

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы айылдык китепкананын 1(бир) кызматкерин кыскартуу жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджети тартыш болгондугуна байланыштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы айылдык китепкананын   1  (бир) кызматкерин (тазалоочусун) кыскартуу жөнүндө Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы айылдык китепкананын кызматкери (тазалоочусу) кыскартылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов