Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 17

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы “Така” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы 1982-жылы курулган “Така” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

Токтом кылат

 

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы 1982-жылы курулган узундугу 3 км 570 м аралыкта жайгашкан “Така” каналы учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов