Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 20

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы “№25” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы 1985-жылы курулган “№25” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

Токтом кылат

 

 1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы 1985-жылы курулган узундугу 2км 200 м аралыкта жайгашкан “№25” каналы учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

 2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов