Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 25

Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругу менен бекитилген Типтүү Уставдын негизинде Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы:

 

Токтом кылат

 

1.Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

 

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу

айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Баатыркулов