КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 51
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгы жөнүндө Көк-Арт айыл аймагында 19.09.2023-жылдагы жана 26.09.2023-жылдагы өткөрүлгөн элдик жыйындагы суроо талап, сунуштарды угуп жана элдик жыйындын протоколдук чечиминин негизинде Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтү жергиликтүү тургундардын талабына ылайык өз алдынча Көк-Арт айыл өкмөтү болуп калтырылсын.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А. А. Энназаров: |