КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 52
Көк-Арт айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн жыйынын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 05.09.2023-жылдагы №05-1/3070 сандуу катын негиздеп Көк-Арт айыл өкмөт башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII -сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:00дө, Жалгыз-Жаңгак айылындагы №10 “Көк-Арт” гимназия мектебинин имаратында өткөрүлсүн.
2. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо үчүн айыл аймак төмөндөгүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Жерге-Тал, Жалгыз-Жаңгак, Уч-Малай, Мазар-Булак айылдары.
3. Көк-Арт айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:
- Жерге-Тал айылы боюнча делегаттардын саны 48 (кырк сегиз) адам;
- Мазар-Булак айылы боюнча делегаттардын саны 5 (беш) адам;
- Жалгыз-Жангак айылы боюнча делегаттардын саны 39 (отуз тогуз) адам;
- Уч-Малай айылы боюнча делегаттардын саны 8 (сегиз) адам.
4. Ар бир аймактын бөлүктөрүндө өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча коомчулуктун жыйындарын өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Жерге-Тал айылында 2023-жылдын 17-октябрь күнү саат 10:00дө, мектептин имаратында;
- Мазар-Булак айылында 2023-жылдын 17-октябрь күнү саат 14:00дө, мектептин имаратында;
- Жалгыз-Жаңгак айылында 2023-жылдын 18-октябрь күнү саат 10:00дө, мектептин имаратында.
- Уч-Малай айылында 2023-жылдын 18-октябрь күнү саат 14:00дө, мектептин имаратында;
5. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча ар бир аймактын бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Чойбекова Батма - Жерге-Тал айылы боюнча;
- Нурмаматов Медеткан - Мазар-Булак айылы боюнча;
- Сатаров Айбек - Жалгыз-Жангак айылы боюнча;
- Жумуков Суюнбек - Уч-Малай айылы боюнча.
6. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 11 (он бир) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
- Энназаров Азамат Арзыкулович - жумушчу топтун төрагасы, айылдык кеңештин төрагасы;
- Раманкулова Мээргул Алыкуловна - жумушчу топтун катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
- Сатаров Айбек Жалилович - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;
- Чойбекова Батма Абдылдабековна - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;
- Нурмаматов Медеткан Мамашович - жумушчу топтун мүчөсү, педагог;
- Алымбаева Барчинай Талишовна - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;
- Жумуков Суюнбек Акимбаевич - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;
- Үңкүрбаев Адилбек Каналиевич - жумушчу топтун мүчөсү, Мазар-Булак айылынын айыл башчысы;
- Мусаев Табылды Ордобекович - жумушчу топтун мүчөсү, Жалгыз-Жаңгак айылынын айыл башчысы;
- Будайчиев Турдумамат Айбатиллаевич - жумушчу топтун мүчөсү, Уч-Малай айылынын айыл башчысы;
- Кулматов Садыбакас Акматалиевич – жумушчу топтун мүчөсү, социалдык маселелер боюнча башкы адис.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.А. Энназаров. |