КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 53
Көк-Арт айыл аймагындагы Жерге-Тал айылындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин негиздеп укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын аты жок көчөсүнө Теңизбаев Шаршенбек Мадиевичтин аты коюлсун.
2. Арыз ээси Н. Теңизбаеге көчөгө оңдоп-түзөө жана иш кагаздарын алып баруу жагы жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы А.Батыровго жүктөлсүн.
Төрага: | А.А.Энназаров. |