КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 54
Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин негиздеп, айылдык кеңешитин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин 12.04.2023-жылдагы 11-сессиясынын № 26-токтомунун 3-пунктунда көрсөтүлгөн “Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы бир жылда 14 (он төрт) адамга жашыруу добуш берүү менен берилсин” деген жерине өзгөртүү киргизилсин.
2. “Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын берүү, айыл акмактагы учурда эмгектенип жаткан кызматкердин кесиптик майрам күнүнө карата берилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы А.Батыровго жүктөлсүн.
Төрага: | А.А.Энназаров. |