КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 55
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Укук жана мыйзамдуулук комитеттинин отурумунун токтомун эске алып, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн атуулдарына “Ардактуу атуул “ сыйлыгын тапшыруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII -сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн № 11 М.Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү мектеп-мекемесинин башталгыч класстардын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Каниетова Гулзада Арстанбековна, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы менен сыйлансын.
2. Күбөлүк жана башка иш кагаздарын жасатуу жагы, Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитеттинин төрагасы А.Батыровго тапшырылсын.
3. Күбөлүк жана башка тиешелүү иш кагаздарын жасатууга акча каражатын бөлүп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнөн ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.А. Энназаров |