САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 3/6
Сары-Булак айылдык фельдшердик-акушердик пункттун жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы Ү. Амангелдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы Ү. Амангелдиеванын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Сары-Булак айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун башчысы Ү. Амангелдиевага айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык оорулардын алдын-алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецепт менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Зарылбек уулу |