САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 3/7
Жеке ветеринардын жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын-алуу боюнча жеке ветеринардын жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын-алуу боюнча жеке ветеринар Т. Арпачиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Зарылбек уулу |