Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 18-сентябры № 3/8

Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Калкты газета-журналдар, пенсия, пособие менен камсыз кылууда жана элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Алымкулованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Калкты газета-журналдар, пенсия, пособие менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Д. Жумабеков атындагы ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Алымкулованын маалыматы канааттандыраарлык теп табылсын.

2. Байланыш бөлүмүнүн мындан аркы иштерин жакшыртуу менен калкты кечиктирилгис тейлөөнү камсыз кылуу жагы Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Алымкуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Д. Алымкулованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын

 

Төрага

А. Зарылбек уулу