САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 3/11
«Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын директорунун маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Ак-Кыя айылындагы «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын 2022-2023-жылдарда жүргүзгөн иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө бала бакчанын директорунун орун басары А. Жумабекованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын 2022-2023-жылдарда жүргүзгөн иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө бала бакчанын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу А. Багышованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын ички эмгек тартибин сактоону, балдарга тарбия берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен балдарга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы бала бакчанын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу А. Багышовага милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Зарылбек уулу |