Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 18-сентябры № 3/15

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Жобонун негизинде айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча башкы адиси Р. Музакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 1. Айыл аймагынын аймагындагы калктуу конуштарда жарандарга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- Ак-Кыя айылы үчүн 0,10 га;

- Сары-Булак айылы үчүн 0,07 га;

- Төлөк айылы үчүн 0,15 га.

 2.  Жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштурууга атайын түзүлгөн комиссия менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча башкы адиси Р.  Музакановго милдеттендирилсин.

 3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Зарылбек уулу