ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 12/3
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын ижара акысын чегерип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Субанкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу ижарага берилген жайыттардын ижара акысы 2023-жылга карата гектарына 1000(миң) сомдон болуп бекитилсин.
2.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерине отурукташкан көмөкчү чарба түзүп,малкана салып отурукташкан атуулдарга 5000(беш миң) сомдон ижара акы чегерилсин.
3.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоо жайыттарына отурукташып,жайытты пайдаланган атуулдарга 10 000 (он миң) сом ижара акы чегерилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Аталган токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |