Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2023-жылдын 18-апрели № 13/3

Турак жай салуу үчүн үчүн айыл тургундарына жер тилкесин бөлүп берүүнүн өлчөмдөрүн бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси Эшимбеков Нуралынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:

 

1.Жаңы-Жол айыл аймагынын бардык тургундарына турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүдө бирдиктүү ченем төмөнкүдөй бекитилсин:

  -суулуу жер тилкеси болсо 0,08га.

  -кайрак жер тилкеси болсо 0,10га.

 

2.Мындан ары турак жай куруу үчүн жер тилкесин алуучуларга ушул токтомдун негизинде бекитилген өлчөм менен жер тилкеси берилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана ишке ашыруу жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу коммиссиясына жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

 

4.Аталган токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Бейшеналиев