Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2023-жылдын 18-апрели № 13/4

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Караган -Сай айылынын Уй сарай көчөсүнө Н.Тургуналиевдин атын ыйгаруу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Эшимбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:

 

 

1.Жаңы-Жол айыл аймагынын Караган-Сай айылынын Уй сарай көчөсүнө Тургуналиев Нурсултандын аты ыйгарылсын.

 

2.Аталган көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жасатуу жана аларды эки жылда бир жолу алмаштырып туруу, көчөнүн тазалыгына,арыктардын өз убагында тазаланышына,көчөдө жайгашкан турак-жайлардын иреттүү болушуна,жолунун оңдоп-түзөлүшү боюнча иш алып баруу,көчөнүн атын билдирген белги орнотуу жана негизги жолдон аталган көчөгө кайрылган жерге аялдама куруу Н.Тургуналиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына жүктөлсүн.

 

3.Тургуналиев Нурсултандын үй-бүлөсү жана жакындары көчөгөТургуналиев Нурсултандын атын ыйгаруу үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы менен келишим түзүшсүн.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Н.Эшимбековго жүктөлсүн.

 

5.Аталган токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Бейшеналиев