Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2023-жылдын 14-июлу № 14/2

Жаңы-Жол айыл аймагында таштанды таштоочу полигонду тосмолоого каралган 338 000(үч жүз отуз сегиз миң) сом акча каражатын Кой-Таш айылынын таза суу долбоорунун жана Жаңы-Жол айылындагы бала бакчанын документтерин даярдоого жылдыруу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин билдирүүсүн жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:

 

1.Жаңы-Жол айыл аймагындагы таштанды таштоочу полигонду тосмолоого каралган 338 000 (үч жүз отуз сегиз миң) сом акча каражаты Кой-Таш айылынын таза суу долбоорунун документ иштерин бүтөрүүгө жана Жаңы-Жол айылындагы пайдаланууга бериле элек бала бакчанын документтерин даярдоо үчүн жылдырылсын.

 

2.Аталган акча каражатын максатка ылайык пайдалануу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4.Аталган токтом Аксы районунун Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

 

Төрага

К.Бейшеналиев