ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 14/5
Жаңы-Жол айыл аймагынын тургундарынын Ак-Жол айыл аймагынын Тегене айылындагы бөлүнүп берилген үлүш жерлерин тактоо жана албай калган жамааттарга бөлүп берүү боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Аталган маселе боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлүп,айыл өкмөттүн адистери менен биргеликте иш алып барышсын.
2.Комиссиянын курамы төмөнкүдөй түзүлсүн:
1.Бейшеналиев Камбар-айылдык кеңештин төрагасы.
2.Азакеев Нуржигит-айылдык кеңештин депутаты
3.Тажибаев Азамат- айылдык кеңештин депутаты
4.Эшкожоев Алмазбек-айылдык кеңештин депутаты
5.Субанкулов Жыргалбек-айылдык кеңештин депутаты
3.Аталган жер үлүштөрүн тактоо жана аныктоо Жаңы-Жол айыл аймагынын жер адиси Эшимбеков Нуралыга жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.
5.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |