Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2023-жылдын 14-июлу № 14/8

Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин (ЕРМИ),муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө жобону жана муниципалдык мүлктөрдү башкаруу фонддору жөнүндө жобону бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин билдирүүсүн жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:

 

1.Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри (ЕРМИ) Жаңы-Жол айылдык кеңеши тарабынан бекитилсин.

 

2.Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө жобо Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилсин.

 

3.Муниципалдык мүлктөрдү башкаруу фонддору жөнүндө жобо Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилсин.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.

 

5.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Бейшеналиев