ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 14/9
Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнөн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө ссудага которулуп келген 250 000(эки жүз элүү миң) сом акча каражатын 2023-2024-окуу жылына көмүр сатып алууга пайдалануу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин билдирүүсүн жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Жол айыл өкмөтүнөн ссудага келген 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты 2023-2024-окуу жылы үчүн көмүр сатып алууга жумшалсын.
2.Аталган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.
4.Аталган токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |