ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 14-июлу № 14/3
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын атын Малкалды айылы кылып өзгөртүү боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,элдик чогулуштагы көпчүлүк элдин суранычынын негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын аталышы тарыхый Малкалды атына өзгөртүлсүн.
2.Айылдын атын өзгөртүү иштерин жүргүзүү Жаңы-Жол айыл аймагынын жер боюнча адиси Н.Эшимбековго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |