Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 18-сентябры № 1

Кең-Арал айылында жайгашкан эски мончону ижарага берүү жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы эски мончонун жер аянтын азыркы акыбалын карап көрүп, талкуулап жаныртуу жана ишке киргизүү максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кеңешинин кезексиз VIII - чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:

 

 

1.     Кең-Арал айылынын борборунда жайгашкан 500,0 кв.м жер аянтын (эски мончону) ушул эле айылдын тургуну Мухаммедов Абдылдага 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин бирок:

а) ижарачы ижарага алган жерди 3(үч) жылдык мөөнөттө жаңы мончону куруп ишке киргизбесе, автоматтык түрдө келишим жокко чыгарылсын жана курулушка жумшалган каражат (акча, курулуш материалдары ж.б.) кайтарылбастан айыл өкмөттүн балансына өтсүн.

б) аталган 500,0 кв.м жер аянты жыл сайын 2250 (эки миң эки жүз элүү) сомго ижарага берилсин;

в) жаңы мончо ишке киргенден баштап ижаранын суммасы жаңы келишим менен аныкталаары эске алынсын;

г) келишимдин 5 жылдык мөөнөтү аяктаганда Абдылда Мухаммедовдун сарптаган убакыт жана каражатын эске алуу менен А.Мухаммедовго ижарага түз берүү менен келишим түзүлсүн.

 

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Токонов