Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2023-жылдын 19-сентябры № 1

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө Палатасынын 2023-жылдын 07-августундагы №01-8/90 катынын негизиндеТөрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен таанышып депутаттар арасында кенириталкуужүрүп, Төрт-Гүлайылдыккеңешинин VII чакырылышынынкезектеги IVсессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы талкууланып,   финансы жактан кетирилген жергиликтүү бюджетке кайтарылсын, айыл ɵкмɵт башчыга жана башкы эсепчиге мыйзам чегинде иш жγргγзγлсγн.

2.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы С. Эркебаевге милдеттендирилсин.

 

Кеңештин төрагасы:

Н.Артыков