Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2023-жылдын 19-сентябры № 3

Зар-Таш айылын таза суу менен камсыздоо үчүн даярдалып жаткан “Таза Суу” долбоорун сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн С.Эркебаевдин сунушу жана Жусупов Акматжандын демилгеси, депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IVсессиясы

 

Токтом кылат:

 

   1.  Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зар-Таш айылын таза суу менен камсыздоо үчүн “Таза Суу” долбоорун сметалык иш кагаздарын даярдоого кетуучу чыгымдар 2023-жылга каралган сметалык чыгымдан сарптоо айыл өкмөттүн башкы эсепчисине милдетендрилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы:

Н.Артыков