Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2023-жылдын 19-сентябры № 6

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чоң-Кара айылына өз нугу менен келүүчү суу түтүгү өтүүчү жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айылдык өкмөтүнүн 2023-жылдын 01-августундагы Чоң-Кара айылына өз нугу менен келүүчү Апкан-Чоң-Кара суу түтүктөрү өтүүчү жер аянтын которуу жөнундөгү  №133-токтомунун жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 31-июлундагы №01-13/3799 сандуу катынын негизинде Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын калкын үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз кылуу максатында Апкан-Чоң-Кара өз нугу менен келүүчү сугат суу долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы 22900 м2 жер аянты,анын ичинен №310-контурдагы 1472 м2 жер,№683-контурундагы 19 м2 жер,№699-контурундагы 520м2 жер,№702-контурундагы 640 м2 жер,№701-контурундагы 210 м2 жер аянттары таштуу жайыт жер,№687-контурундагы 21м2 жер,№687-контурундагы 180 м2 жер,№685- контурундагы 540 м2 жер,№805-контурундагы 420м2 жер аянттары көп жылдык бак дарактар астындагы жер,№697-контурундагы 480м2 жер,№700-контурундагы 96 м2 жер,№722-контурундагы 480 м2,№761-контурундагы 520 м2 жер,№752-контурундагы 240 м2 жер №767-контурундагы 1430м2 жер,№768-контурундагы 1700м2 жер,№802-контурундагы 840м2 жер,№822 контурдагы 1310 м2 жер аянттары сугат айдоо жер,№399-контурундагы 9493 м2 жер аянты Сох дарыясынын нугу,№703-контурундагы 730 м2 жер аянты башка жер (галечник),№763-контурундагы 170 м2 жер,№754-контурундагы 210 м2 жер,№753-контурундагы 300 м2 жер,№766-контурундагы 110 м2 жер аянттары бадалдуу таштуу жайыт жер,;803-контурундагы 700 м2 жер аянты тыт бактары астындагы жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай,транспорт,байланыш,коргонуу жана башка жерлер категориясына  которууга (трансформация) макулдук берилсин.

2.  Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Эркебаевге жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы:

Н.Артыков