КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү жыйналышынын ( 5-шайланган) отуруму
2023-жылдын 15-августу № 4/1
Кеңеш айыл аймагынын Ж.Жунусов көчөсүндөгү каналды жазгы нөшөрлөгөн жаандарда үстүнкү талаалардан түшкөн сел ташкындары калк жашаган 35 турак үйлөрдү жана жолду каптап кетүү коркунучун мындан ары болтурбоо максатында жалпы элдик жыйынынын токтомун бекитип берүү жөнүндө Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1.Кеңеш айыл аймагынын Ж.Жунусов көчөсүндөгү каналды жазгы нөшөрлөгөн жаандарда үстүнкү талаалардан түшкөн сел ташкындары калк жашаган 35 турак үйлөрдү жана жолду каптап кетүү коркунучун мындан ары болтурбоо максатында өткөрүү жөнүндө жалпы элдик жыйындын 02.08.2023-жылдагы № 9-протоколунун токтому бекитилсин.
2.Кеңеш айыл аймагынын Ж.Жунусов көчөсүндөгү каналды куруу жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк,жер жана ресурстарды, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д.Токторов |