Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын ( 5-шайланган) жыйналышы

2023-жылдын 2-октябры № 5/2

Айыл аймагындагы айылдарда коомдоштуктун өкүлчүлүктөрүн жан Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча өтө турган жыйындардын графигин, жумушчу комиссиянын курамын жана жыйындарга жооптуу депутаттарды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.08.2023-жылдагы №215 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети бекиткен “Элдик Курултайга” Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасын” жетекчиликке алып Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кеңеш айыл аймагындагы айылдардан коомдоштуктун өкүлчүлүктөрүнөн төмөндөгү сандык курамы бекитилсин:

 

1. Кеңеш айылынан – 25 өкүл,

2.Пор айылынан - 15 өкүл,

   Жалпы: 40 коомдоштуктун өкүлчүлүгү .

 

2.  Кеңеш айыл аймагындагы айылдарда коомдоштуктун өкүлчүлүгү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).

 

3.  Жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттар тиркемеге ылайык бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет)

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият,билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын , саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д.Токторов