КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын ( 5-шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 2-октябры № 5/3
Кеңеш айылынын Кеңеш мектепке чейин билим берүү уюумуна А.Бердибаеванын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кеңеш айылынын Кеңеш мектепке чейин билим берүү уюумуна А.Бердибаеванын ысымын ыйгаруу жөнүндө депутаттардын Кенеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Кеңеш айылынын туругуну Бердибаева Ашам 1967-жылдан 1997-жылга чейин Башталгыч класс мугалими болуп эмгектенген. 1997-жылдан өмүрүнүн акырына чейин өзү түптөгөн “Доорайым” кооперативинин жетекчиси болуп эмгектенип келди.Кара-Кулжа районунун же болбосо Кеңеш айылынын атынан ар кандай көргөзмө жарманкелерге, ыр бий сынактарга катышып эл сыймыгы болчу. Жогорудагы эмгектерин эске алып Кеңеш мектепке чейинки билим берүү уюмуна А.Бердибаеванын ысымы ыйгарылсын.
2.Кеңеш айылынын Кеңеш мектепке чейин билим берүү уюмуна А. Бердибаеванын ысымын ыйгаргандан баштап, жыл сайын ондоп, түзөө иштерин колго алуу жана ар иш чараларына жакындан жардам көрсөтүү жагы А.Бердибаеванын үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдин жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин социалдык- маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Токторов |