РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (VI чакырылышы)
2023-жылдын 9-июну № 1
2051 аскер бөлүгүнүн биринчилигине арналган “Аскердик кол кармашып урушуу” чемпионатын өткорүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө
2051 аскер бөлүгүнүн “2051 аскер бөлүгүнүн биринчилигине арналган “Аскердик кол кармашып урушуу” чемпионатына колдоо көрсөтүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2051 аскер бөлүгүнүн биринчилигине арналган “Аскердик кол кармашып урушуу” чемпионатын жогорку денгээлде уюштуруп өткөрүүгө колдоо көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чемпионатты өткөрүүгө ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүү жагы Раззаков шаарынын мэри Ч.Рысовго тапшырылсын. .
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |