РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (VI чакырылышы)
2023-жылдын 9-июну № 7
Раззаков шаарынын 2023-жылдын өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын 2023-жылдын өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын 2023-жылдын өнүгүү программасына тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |
Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги
XXIII сессиясынын 2023-жылдын
09-июнундагы №7 токтомуна тиркеме
Раззаков шаар мэриясынын социалдык экономикалык өнүгүү планынын экология тармагынан чыгарылуучу иш-чаралар:
III.Экологиялык багыт: | |||||||
1.Экологиялык тармагы | |||||||
№ | Иш-чаралар | Керектелүүчү каражат (миң сом) | респуб бюджет | жергил бюджет | Жеке менч | Инвес тор | ж.б. тар мак |
1 | Атайын техника (экскаватор) алуу, облустук фондго сунушталган | 10820,0 | 7000,0 | 3820,0 |
|
|
|
| Жыйынтыгы | 10820,0 | 7000,0 | 3820,0 |
|
|
|
Раззаков шаар мэриясынын социалдык экономикалык өнүгүү планынын экология тармагына киргизилүүчү иш-чаралар:
III.Экологиялык багыт: | |||||||
1.Экологиялык тармагы | |||||||
№ | Иш-чаралар | Керектелүүчү каражат (миң сом) | респуб бюджет | жергил бюджет | Жеке менч | Инвес тор | ж.б. тар мак |
1 | Раззаков шаарына таштанды топтолуучу жайларды куруу жана атайын үкөктөрдү орнотуу | 8869,007 |
| 2250,0 |
| 6619,007 |
|
2 | Туристтер үчүн кыска мөөнөткө токтоочу жайга мини скважина чыгаруу | 300,0 |
| 300,0 |
|
|
|
| жыйынтыгы: | 9169,007 | 0 | 2550,0 | 0 | 6619,007 | 0 |
2. Өзгөчө кырдаалдар тармагы | |||||||
1 | Чөлгөн булагын селден коргоо боюнча сел арага канал куруу | 957,2 | 500,0 | 457,2 |
|
|
|
2 | Чимген айылында жана “Исфана сай”да селден коргоочу бетон тосмолорду куруу | 1612,8 |
| 812,8 |
| 800 |
|
| жыйынтыгы: | 2570,0 | 500,0 | 1270,0 | 0 | 800,0 | 0 |
| Экология багыты бардыгы | 11739,007 | 500,0 | 3820,0 | 0 | 7419,007 | 0 |
Раззаков шаарынын мэриясынын инвестиция тартуу боюнча
башкы адиси- З.Хабибуллаев