Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 17 сессиясы

 

2023-жылдын 10-февралы № 17/5

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Калпата көчөсүнө  Белчус көчө деп ат коюу  жөнүндө

 

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу  Калпата  көчөсүнүн жашоочуларынын арызын  жана бул тууралуу Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин   социалдык  туруктуу  комиссиясынын  чечимин угуп,  жана талкуулап,  Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу  Калпата көчөсүнүн жашоочуларынын арызы  канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу  Калпата көчөсүнүн  аты  Белчус  көчө деп  макулдук берилсин.

 

3. Ушул токтомду  мыйзам чегинде аткарылышын  Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы  Д.Досатовго милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин социалдык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                                                                       

 

 

Кыргыз-Кыштак айылдык

кеңештин төрагасы:

 

Машрапов К.П