Редакцияот 14.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 18 сессиясы

2023-жылдын 14-марты № 19/1

                                                                                        Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-15/314-б сандуу буйругун  аткарууга алуу жөнүндө

 

 

ТОКТОМ КЫЛАМЫН:

 

1.Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-15/314-б сандуу буйругу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.Кыргыз-Кыштак айыл аймагында Улуттук тазалык күнү белгиленсин жана жыл сайын сентябрдын  жана апрелдин үчүнчү ишенбисинде өткөрүлсүн.

3.Кыргыз-Кыштак айыл аймагында мекеме иш –каналдын башчыларына  коомдук уюмдун башчыларына иш-чаралар иштелип чыгылсын.

4.Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тирикчилик калдыктардын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракаттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрь ПЖ№305 жарлыгын 5пунктунун негизинде инвестиция тартуу жолу менен каттуу тирикчилик таштандыларды кайра иштетүү жана утилдештирүү багытында долбоорлор иштелип чыгып инвесторлорду  тартуу боюнча иш-чаралары колго алынып уюштурууну кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн инвестиция бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын №01-15/314-б сандуу буйругу жетекчиликке жана аткарууга алуу боюнча 2023-2025-жылдарга иш-пландары иштеп чыгууну Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Кыргыз-Кыштак айылдык

кеңештин төрагасы:

 

Машрапов К.П