КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 18 сессиясы
2023-жылдын 14-марты № 19/4
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы: Р.Жумакуловдун каты жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешке 2023-жылдын 14-мартында келип түшкөн №05-32/41 сандуу каттын негизинде 7-чакырылыштын кезексиз 19-сессиясында талкуулап чыгып, Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү ПМК айылында жайгашкан МУКК сураган жерди аныктап, тактап , чыгуу жагы Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Д.Маматкуловго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |