КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 18 сессиясы
2023-жылдын 14-марты № 19/3
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу совет көчөсүнө А.Жамалов көчө деп ат коюу жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Совет көчөсүнүн жашоочусу Абдирашитов Эржигитин кайрылуусун негизинде 7-чакырылыштын кезексиз 19-сессиясында талкууланып, чыгып Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Совет көчөсүнүн тургуну Абдирашитов Эржигиттин кайрылуусун канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Совет көчөсүнүн аты А.Жамалов көчөсү деп макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткарылышын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин социалдык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |