Редакцияот 14.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын 18 сессиясы

2023-жылдын 14-марты № 19/5

Кыргыз-Кыштак айыл аймагына өнөр жай  курууга 50,0 га жер аянтын берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап , айыл аймактын социалдык- экономикалык деңгээлин өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1.Кыргыз-Кыштак айыл аймагында өнөр жай курууга жана элди иш  менен камсыз кылуу үчүн  50,0 га жер аянтын ажыратылып берилсин.

 

2. Трансформациялоо боюнча тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы Кыргыз-Кыштак  айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык  маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кыргыз-Кыштак айылдык

кеңештин төрагасы:

 

Машрапов К.П