КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи жыйналышынын ( 5-шайланган) отуруму
2023-жылдын 2-октябры № 5/7
“Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна ылайык,айылдын ардактуу атуул наамын ыйгаруу боюнча талкуулап Кеңеш айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Тайчиев Иманазар Кеңеш айыл аймагына кылган кызматтары жана жалпы медицинага кошкон зор салымын эске алынып Кеңеш айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Тайчиев Иманазарга ыйгарылсын:
2. “Айылдын ардактуу атуулу” наамын салтанаттуу түрдө тапшырууну уюштуруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Д.Токторов |