ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 2
Покровка айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2022-жылга аткарылышы жана 2023-жылга бюджетин бекитүү
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Жайыт комитетинин 2022-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2023-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Жайыт комитетинин башчысы К.Баетовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү) аткарылышын жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ кылат:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн алдында “Жайыт” комитетинин башчысы К.Баетовдун жылдык отчетун канааттандыралык деп табылсын.
Покровка айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү -356,4 мин сомго жана чыгаша бөлүгү
316,0 мин сомду түзөт. Калдык 01.01.2022 жылга -118,6 мин.сом, 01,01,2023 жылга-
40,4 мин сом. Жалпы -159,0 мин сом.
2. Покровка айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн малчылардан алынуучу тарифтер 2023 жыл учун төмөндөгүдөй бекитилсин:
Туяк башына – кой-эчки 15 сом*17745=266,2 мин сом
Кара мал – уй,бука– 75 сом*842=63,1 мин сом
Жылкы- 75 сом*900=67,5 мин сом
Кой эчкилерди кралинге чомулдуруу -50,0 мин сом
Трактор иштоо кызматына-50,0 мин сом
Жалпы – 496,8 мин сом.
Покровка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө статья (14152200) түшкөн акча каражатын
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин расчеттук эсебине 3/2 (учтон экиси) бөлүгүн которулуп берилсин.
Жайыт комитетинин 2023-жылга карата киреше бөлүгү – 496,8 мин сом жана чыгаша бөлүгү -496,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Дыйкан-фермер чарбалар жана жеке чарбалар менен келишим түзүү жана төлөмдөрдү өндүрүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Баетовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дуйшобаевке , аткаруу жагын каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |