ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 7
Г.С.Карабаева жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Мураталиева Гулжардын кызы Карабаева Гулсана Садыбакасоына эки жылдан бери боор оорусу менен ооруп, бүгүнкү күндө боорун алмаштыруу үчун Индияга кетип жаткандыгын, жардамга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун Покровка айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылынын тургуну Карабаева Гулсана Садыбакасовна эки жылдан бери боор оорусу менен ооруп, бүгүнкү күндө боорун алмаштыруу үчун Индияга барып дарыланып келүүсүнө, жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |