Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы

Ж.Дуулатова  жөнүндө

 

2023-жылдын 9-февралы № 8

Покровка айылынын тургуну  Дуулатова Жыпаркул 2017-жылдан баштап бөйрөк оорусу менен жабыркап, эки бөйрөгү тен кургап 17% калгандыгын белгилеп, дары-дармек алуу үчүн жардамга муктаждыгы жөнүндөгү  кайрылуусун Покровка айылдык кеңеш талкуулап

 

токтом кылат:

1.  Покровка айылынын тургуну  Дуулатова Жыпаркул 2017-жылдан баштап бөйрөк оорусу менен жабыркап, оор ахыбалда тургандыгына байланыштуу,  дары-дармек алуу үчүн жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000  (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  КЭБнүн башчысына  (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

3.  Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

Т.У .Джапаркулов