ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 10
Таштанды таштоочу жайга жер бөлүп берүү жөнүндө
Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин таштанды таштоочу жайга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш
токтом кылат:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевдин таштанды таштоочу жайга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айыл өкмөтүнө караштуу №446 контурдан 2 га жер аянты таштанды таштоочу жай кылуу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |