ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 12
Имаратты оңдоого жардам берүү жөнүндө
Манас районунун Покровка айылындагы “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн “Улукман” жатак-лицей” мекемесинин директору, ата-энелер комитетинин төрагасынын кайрылуусун карап, талкуулап айылдык кеңеш
токтом кылат:
1. Покровка айылындагы “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн “Улукман” жатак-лицей” мекемесинин директору менен ата-энелер комитетинин төрагасынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Лицей окуучуларына тамак-аш даярдалуучу бөлмөсүнүн абалын жакшыртуу үчүн жардам ирээтинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200000 (эки жүз миң)сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.У .Джапаркулов |