Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы

2023-жылдын 9-февралы № 12/1

Салыктардын зоналдык коэффициенти жөнүндө

 

Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын жетекчиси К.Баямановдун  кайрылуусун талкуулап  айылдык кеңеш

 

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январь  №4 Салык Кодексинин 3-беренесине ылайык, жер жана мүлк салыгынын зоналдык коэффициентинин төлөмдөрүнүн базалык ставкалары өзгөртүүсүз калтырылсын.  

2. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январь  №4 Салык Кодексинин 3-беренесине ылайык жер жана мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти (К3)=1,034 болуп өзгөртүүсүз бекитилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

Т.У .Джапаркулов