Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 19-майы № 15

Мидин Торобековдун ысымын  жаңы көчөгө ыйгаруу жөнүндө

Бала-Саруу айылынын айыл башчысы Т.Маматаевдин Бала-Саруу айылынын Манас көчөсүнүн 6-03-04-1002-0115 коду менен катталган турак-жайдын чыгыш тарабындагы көчөгө узундугу 600 метр түштүктү карай, түндүктү карай 200 метрди камтыган карьерге кетүүчү көчөгө М.Торобековдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун Покровка айылдык кеңеш талкуулап

 

токтом кылат:

1. Бала-Саруу айылынын айыл башчысы Т.Маматаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бала-Саруу айылынын Манас көчөсүнүн 6-03-04-1002-0115 коду менен катталган турак-жайдын чыгыш тарабындагы көчөгө узундугу 600 метр түштүктү карай, түндүктү карай 200 метрди камтыган карьерге кетүүчү көчөгө  М.Торобековдун ысымы коюлуп, жаңы көчө “Мидин-Ата” деп аталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

Т.У .Джапаркулов