Редакцияот 02.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛИПЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Липенка айыл аймагыныны айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 4-сессиясынын

2023-жылдын 2-февралы № 7

Ичке-Булуң айылынын жалпы элдик чогулушунун токтомун бекитип берүү жөнүндө

Ичке-Булун айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Чукумбаев Жолочунун кайрылуусу жана Ичке-Булун айылынын тургундарынын 2022-жылдын 22-майындагы жалпы чогулушунун токтомунун негизинде Липенка айыл аймагыныны айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1.    Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагына караштуу Ичке-Булуң айылынын аталышы Коңурат айылы деп өзгөртүү туурасында Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

2.   Айылдын аталышын коңурат айылы деп өзгөртүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ичке-Булуң айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Ж.Чукумбаев менен биргеликте иш алып баруу жагы Ичке-Булуң айылынын айыл башчысы Б.Төлөмүшовго милдеттендирилсин.

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Акуновго тапшырылсын.

 

Липенка айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Тентиев