КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи жыйналышынын ( 5-шайланган) отуруму
2023-жылдын 2-октябры № 5/13
Кеңеш айылдык аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза сууда иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүп берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза сууда иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү үчүн “ Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын башчысы А.Маматкайымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1. Кеңеш айылдык аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза сууда иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүп, эмгек акысы 15% жогорлатылып берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын башчысы А.Маматкайымовго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Токторов |
"Кенеш таза суу жана тазалык" муниципалдык ишканасынын 0,5% көбөйтүү
тиркемеси
| Штаттык бирдиктер | Штаттык бирдиктин саны | Айлык эмгек акынын өлчөмү (сом) | 2023-жылга эмгек акы фондунун өлчөмү (сом) | 17,25% камсыздандыруу взносунун өлчөмү (сом) | Жалпы 2023-жылга эмгек акы фондусу 17,25% касыздандыруу взносу менен (сом) |
1 | МИ директору | 1 | 15000 | 180000 | 31050 | 211050 |
2 | МИ бухгалтери | 1 | 10000 | 120000 | 20700 | 140700 |
3 | Контроллер | 1 | 12000 | 144000 | 24840 | 168840 |
4 | Сантехник | 2 | 24000 | 288000 | 49680 | 337680 |
5 | Кароол | 4 | 32000 | 384000 | 66240 | 450240 |
| Бардыгы | 9 | 93 000 | 1 116 000 | 192 510 | 1 308 510 |